7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акшумкарлар Азиянын эң күчтүү курамалардын бири Иран менен беттешет

365

19-ноябрь күнү борбор калаабыздын башкы спорттук аренасы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда футбол боюнча улуттук курама командасы эң күчтүү атаандаштарынын бири болгон Иран курамасы менен беттешет.

Оюн саат 20:00дө башталат. Ал эми, көрүүчүлөр үчүн стадиондун кириштери саат 18:00дөн баштап ачык болуп, шоу-программа орун алат. Күйөрмандарды стадиондо семплинг зонасы, баалуу белектер менен ойноло турган конкурстар күтөт.

Аталган беттешке билеттер азыркы убакытта kassir.kg, сайтында жана билет операторунун сатуу түйүндөрүндө жеткиликтүү.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Улуттук курамасы тарыхта алгачы жолу Дүйнө Чемпионатынын үчүнчү раундунда ойноодо. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган.

Дүйнө биринчилигине болгон жолдомодогу күрөшүндө өлкөнүн башкы курамасын колдоңуз!

366