«Чакан ГЭС» ААКка караштуу Каракөл ГЭСинде курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдирди.
Курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү «Жагалмай» ЖЧКсына жүктөлгөн. Учурда негизги курулуш иштери олуттуу жыйынтыктарга жетишти.
Даярдык иштери:
- жалпы узундугу 2,8 км болгон чарбалык жолдордун курулушу аяктады;
- жолдорду коргоо үчүн жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлдү;
- 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү тутумдар (ОРУ) курууга аянтча толугу менен даярдалды.
Негизги иштер:
- курулуш учурунда сууну убактылуу буруу үчүн атайын каналдын курулушу аяктады.
- башкы суу алуу курулушу, ошондой эле чөкмө топтоо жана аванкамеранын курулушу уланууда.
- ГЭСтин имараты үчүн казылган котлован даярдалды, азыр фундаменттик плитаны бетон менен куюу иштери жүрүп жатат.
- басым түтүктөрү үчүн болот листтерин жеткирүү жана түтүк секцияларын даярдоо 100% аткарылды.
- басым түтүктөрүнүн секцияларын монтаждоо иштери 30%га бүткөрүлдү.
Белгилей кетсек, Каракөл ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи жарымында аякташы пландалууда.