7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашууларда абал кандай?

289

Бүгүн өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдирди.

Учурда Бишкек – Кара-Балта жолунда, Бишкек – Ош унаа жолунун Ала-Бел, Төө-Ашуу ашууларында, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашууларында, Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда, Боом капчыгайында, Түп – Кеген жана Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда жана Таластагы Өтмөк ашуусунда каттам бар.

Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол ачык. Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

 

 

290