Бүгүн, 12-декабрда өлкөдөгү унаа жолдордо чектөө жок, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдирди.
Бишкек-Ош авто жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Тараз –Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк, Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларында жол ачык, эч кандай чектөө киргизилген жок.
Жол тейлөө ишканалары тарабынан жалпы пайдалануудагы жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу иштери күнү-түнү тынымсыз жүрүүдө.
Министрлик алыс жолго чыккан айдоочуларга жол эрежесин сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.