Бир дарактын эки бутагындай жарыша бойлой өсүп, алыша ойной эрезеге жетип, эки достун эл аралай бастырганы да, эпкин жашты ээликтире шаштырганы да, ооздон-оозго өтүп турат.
Бири күүгө жетип, экинчиси күбөгө өтүп, достордун бири үйлөнөт. Жазмыштын адашкан жазасыбы, же жан бүткөндүн жаңылыш азасыбы, айтор, экинчи досуна Азиреил келип, сен үйлөнгөн күнү жаныңды алам деп кулагына шыбырап кетет. Арадан ай жылдар өтүп, досу бардар жашап, бала-чакалуу болуп, өзү да кырктын кырын оодарып, Азиреилдин эскертүүсү эстен чыгып, үйлөнөт экен. Нике түнү эле жан алгыч келет. Ким келгенин сезип: Эртеңки көрөөр күндүн, бүгүнкү жатаар түндүн ылаажысы жокпу? – деп сурайт.
– Бир эле жолу бар: бу сен үчүн өз жанын кыя турган адамың болсо, тирүү калып тукум улайсың – дейт. Жан алгычтан арачага бир күн алып, досуна келип жагдайды толук айтып бүтөөрү менен, досу бүлөсү менен коштошуп: менде баары бар, бала-чакам чоңойду, сенин дүйнөдөн тукумсуз, так өтүп кетишиңе жол бербейм – деп, жан алгыч күтүп отурган үйгө кирип келишет.
Ошондо, ордунан ыргып туруп: Достук ыйык жана бийик, Кудайдан атың ким деп сурасаң, Дос дейт – деп, Азиреил эки доско бата берип, бакыт тилеп узап кеткен экен.
Посмотреть эту публикацию в Instagram