7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

14

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, өлкөнүн тоолуу райондорунда жана автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу жана кар күрткүсү сакталууда. Жолдор тайгак болуп, муз тоңушу ыктымал.

Кооптуу тилкелердин тизмеси:

  • Бишкек – Ош унаа жолу: Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусу;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу: Долон ашуусу;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолу: Чапчыма ашуусу;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолу: Чоң-Ашуу ашуусу;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолу: 201-205, 260-290 жана Көк-Арт ашуусу;
  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу: 55-115-чакырымдар;
  • Красная-Горка – Акташ унаа жолу: 0-3-чакырымдар.

ӨКМ айдоочуларга тоолуу жолдор менен каттамга чыгууда унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоону сунуштайт. Ошондой эле, унаалардын техникалык абалына көңүл буруп, дөңгөлөк чынжырларын, алгачкы жардам көрсөтүүчү каражаттарды жана алып жүрүү зарыл.

15