7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашуулардагы абал: Төө-Ашуу ачык, Ала-Белде чектөө бар

121

Бүгүн саат 10:00гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Буга чейин Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Азыркы тапта № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.

Ал эми Ала-Бел ашуусунда бороон болуп, оор жүк ташыган унааларга карата киргизилген чектөө күчүндө. Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, жети дубан жолдорунда Жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып жатат.

Министрлик айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.

122