7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашуулардагы убактылуу чектөөлөр алынды

142

Бүгүн  саат 09:30га карата Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары менен Суусамыр — Талас — Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей,  ал эми Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүрүүдө. Алдыңкы сааттарда буга чейин киргизилген оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

«Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

143