7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскар Акаев өлкөдөн куулушуна себеп болгон үй-бүлөлүк башкаруу жана Майрам Акаева жөнүндө айтты

2408

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев, «Автор TV» интернет платформасына интервью берип, 15 жыл мурдагы саясий окуяларды, үй-бүлөлүк башкаруу системасы тууралуу айтып берген.

Акаев, жубайы Майрам Акаеваны кард маселесине тап-такыр киришкен эмес, тескерисинче Кыргызстандын балдары билим алсын деп көп жакшы иштерди жасады деген пикирин билдирген.

«Менин үй-бүлөм эч кандай мамлекеттик башкарууга кийлигишкен жок. Майрам Акаева өзү окумуштуу, профессор. Мен Президент болгондон тартып, Кыргызстандын жаштары сапаттуу билим алса экен, бийик маданиятка аралашып калса экен деп, эл аралык «Мээрим» фондун түзүп жакшы иштерди алып барды.

Жетим балдар үчүн 2 чоң балдар үйүн куруп берген. Алар бүгүн да иштеп жатат, кез-кезде ошол жерде тарбияланга балдар алкыш катын жазып калат. Көлдүн жээгине балдардын ден соолук чыңдоочу чоң санаторийин салдырган. Алардын баары сырттан кашыктап чогултуп келген жардамдардын эсебинен курулган. Мамлекеттик бюджеттен бир сом да корогон эмес. 2005-жылы ал санаторий бүтөйүн деп калган эле, кийин талкалап, тоноп кетишти.
Андан сырткары ар бир районго бирден билим берүү борборлорун уюштуруп, анын баарын компютер менен, музыкалык аспаптар менен камсыздаган. Аймактардагы таланттуу балдарды өстүрүүгө аракет жасап, айрымдарын Москага чейин коштоп келип, конкурстарга катыштырып жүрдү. Бакиев Президент болуп келгенден кийин ар бир билим берүү борбору боюнча иш козгоду. Талап тоноп, жок кылышты. Мунун баары ошол кыргыз жаштарына эле жаман болду«, -дейт туңгуч президент Аскар Акаев.

Ал ошону менен бирге, Майрам Акаевадан кийинки биринчи айымдар көзгө көрүнөөлүк эч нерсе кылбай эле, аты-жыты билинбей өтүп жатканын эскертет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2409