«Дордой» ассоциациясына кирген базарларда жер тилкелеринин ижара акысы 50-60 пайызга чейин арзандады. Бул тууралуу соода борбордун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков 10-декабрда «Азаттыкка» билдирген.
Ал «Дордой» Министрлер кабинетинин салык реформасын колдой турганын айтты.
Жаңы эрежелерге ылайык, базардын дүң соода катарларында ижара акысы эки эсе төмөндөйт, ал эми чекене соода катарларында ижара акысы 30 пайызга азаят.
Ошону менен катар «Дордой» базарын реконструкциялоо, түзүмдү жана байланышты жакшыртуу боюнча иштер башталат. Кошумча тамактануучу жайлар, дааратканалар курулуп, автобустардын жаңы каттамдары уюштурулат.
«Дордой» менен катар акыркы күндөрдө өлкөдөгү бир катар базарлар дагы аренда акыларын арзандатууда. «Аламүдүн» базары 30-50 пайызга, «ЗимаЛетто» компаниясы өз базарында 25 пайызга, «Оберон» базары соода орундарын 20 пайызга арзандатканын жарыялашты.
6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү» деп билдирген.
Ал УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып, комитеттин кызматкерлерине «базар ээлерин көзөмөлдөөнү, алардын ижара акыны көтөрүүсүнө жол бербөөнү» тапшырган.
Ал ири соода-сатык комлпекстеринин ээлерин өлкөдөгү эң бай адамдар катары сыпаттап, Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алкановдун аттарын атаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова мамлекет жана Конституция жеке мүлктү коргоого алышы керектигин, эгер базарларга тышкы башкаруу киргизиле турган болсо ал рейдерлик басып алуу болуп каларын айткан. Дагы бир депутат, «Кудайберген» базарынын ээси Элвира Сурабалдиева бизнеске эркиндик керектигин «Азаттыкка» билдирген.
Министрлер кабинетинин көзөмөл-кассалык машинелерди киргизүү демилгесинен кийин ноябрдын аягында, декабрдын башында бир катар базарларда ишкерлер нааразычылык акциясына чыгышкан.
5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордойдо» соодагерлер менен жолугуп, алардын талаптарын уккан. Андан кийин “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде “эгер соодагерлердин митинги токтобосо, бийлик базарларга «Кумтөр” сыяктуу эле тышкы башкаруу киргизерин айткан.
Булак: Азаттык