7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Борбор калаада кар тазалоо иштери уланууда

453

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери карды тазалоону активдүү улантууда.

Биринчи май районунун аймагында: Ахунбаев, Абай, Логвиненко, Киев, Фрунзе, Кустанай, П.Лумумба, Кайназарова, Месароша, Бородин, Т. Молдо, Ленинградская, Щербаков, Мидин, М. Ганди көчөлөрүндө кар тазаланып, техникалык туз себилди.

Ленин районунда төмөнкү көчөлөр кардан тазаланып, техникалык туз себилди: Лев Толстой, Алыкулов, Тагай Бий, Некрасов, Садырбаев, Термечиков, Бакаев, Ахунбаев, Бейшеналиев, Павлов, Кулиев, Рыскулов, Мурманская көчөлөрү.

Октябрь району боюнча төмөнкү көчөлөрдө: Абай, Тыныстанов, 7-кичи район, 5-кичи район, Мавлянов, Арбат, Шоокум, Молдокулов, Достоевский, Куйручук, Ахунбаев көчөлөрүндө кар тазаланып, техникалык туз себилди.

Свердлов районунун аймагында төмөнкү көчөлөргө: Жибек-Жолу проспектиси, Абдрахманов көчөсү, Бөкөнбаев көчөсү, Москва көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Чүй проспекти, Чокон Валиханов көчөсү, Фрунзе көчөсү, Көлбаев көчөсү боюнча техникалык туз себилди. Ауэзов көчөсү, Лермантов көчөсү, Элебесов көчөсү, Гидростраительная көчөсү, Щербаков көчөсү, Сары Челек көчөсү, Бухарская көчөсү, Шопоков көчөсү, Баялинов көчөсү, Орозбеков көчөсү, Алма Атинская көчөсү, Салиев көчөсү, Осмонкул көчөсү.

Линияда 39 атайын унаа иштейт, анын ичинен МАЗ базасында 27 кар тазалоочу унаа, ЗИЛ-130 базасында кум чачуучу 1 унаа, фронталдык жүктөгүч 2 бирдик, 4 даана щетка жана күрөк менен Беларусь трактору, 5 «УКМ-2500» универсалдуу коммуналдык унаа, ошондой эле ДЭУнун 22 жумушчусу бар.

Белгилей кетсек, «Тазалык» муниципалдык ишканасы түнү бою борбор калаанын көчөлөрүн тазалап, 148 тонна техникалык туз сарпталды.

454