Буга чейин үйлөнүү тойдун форматын өзгөртүү керек деген пикирин жазган ишкер жана меценат Аскар Салымбеков бул жолу тойдун концепциясы менен бөлүштү.
- Той өз убагында башталышы зарыл. Канча адам келсе ошончо адам менен тойду баштай берүү акырындап элдердин өз убагында келүүсүнө шарт түзөт.
- Тойдун салтанаттуу бөлүгү. Саат 18.00-18:30 да келинди алып кирип, жар жар айтылып бүтөрү менен той алып баруучу тойду ачат.
- Биринчи каалоо тилекти той ээси жана кудасы баардык жакын туугандары менен чыгат.
1) Эки куда сүйлөп бүтөрү менен эки куда тараптан бирден аксакал каалоо айтат. Өкүл атасы дагы тилекте болот. Бул жөрөлгө эки куда миң жылдык болуп бирикти дегенди билдирет.
2) Экинчи каалоо тилек: Аксакалдарга берилет.
3) Үчүнчү каалоо тилек: Эки куданын достору, кошуна, тааныштары баары бир чыгышат. Ушул менен каалоо тилек айтуу токтойт.
- Андан ары той акырын угулган музыканын коштоосунда адамдар бири бири менен баарлаша ала тургандай абалда өтөт. Эки үч ыр ырдалса болот.
- Коноктор бири бири менен таанышып чер жаза сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
- Сый тамак тартылып бүткөндөн кийин саат 20.30 чамасында аксакалдар ак батасын берип кете беришет.
Антракт-тыныгуу!
- Тыныгуудан кийин тойдун экинчи бөлүмү башталат.
- Бул бөлүктү жаштардын салтанаттуу бөлүгү деп белгиледик. Жаштардын сааты түнкү 23:00 чейин уланат (ыр-бий, оюн-зоок).
- Аягында той ээси өзү батасын берип жыйынтыктайт.
- Тойго чейинки дагы бир көйгөйлүү маселелер бар. Ал кыз узатуу, куда тосуу.
- Кыз узатуу тойу атасынын үйүндө өткөнү дурус. Ресторанда өткөрүүнүн кажети жок. Кыз өз үйүнөн узаганы жакшы. Байыртадан эле ошондой болуп келген.
- Эки жашка нике кыйуу. Нике жигиттин үйүндө молдонун катышуусу менен кыйылат. Бул дагы ата бабадан келе жаткан салт боюнча дөөлөттүн кириши кут берекенин ошол үйдө орношу менен түшүндүрүлөт.
- Куда чакырууда кийит алмашуу түштөндүрүү деген ашыкча ысырап жөрөлгөнү жойуу зарыл. Ал каражатты эки жашка берсек дурус болчудай.
Кимде кандай ойлор болсо ортого салып, акыл калчап, бир пикирге келип, каада салтыбызды замандын шартына жараша бир нукка салалы»,- деп жазды ал.