7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экс-мэр Эмилбек Абдыкадыровго «Алтын Төш белги» тагышты

453

Эмилбек Абдыкадыров мэриянын «Алтын Төш белгиси» менен сыйланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык муниципалитеттин жамааты мэр Айбек Жунушалиев менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин төрагалыгы алдында борбор калаанын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыровду узатышкан.

“Айбек Жунушалиев жана Куванычбек Конгантиев экс — мэрдин борбор калааны өнүктүрүүдө — жалпы билим берүүчү жана социалдык мекемелерди курууда, автобустарды ишке киргизүү жолу менен транспорттук көйгөйлөрдү чечүүдө, турак-жай конуштарын газдаштырууда, санитардык полигонду өчүрүүдө олуттуу салым кошкондугу үчүн мэриянын «Алтын Төш белгиси» менен сыйлашты” – деп айтылат маалыматта.

Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

 

454