7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскер Тажикстанга тамеки алып өтүп бара жаткан жаранга эскертүүчү ок чыгарууга аргасыз болду

663

Аскер Тажикстанга тамеки алып өтүп бара жаткан жаранга эскертүүчү ок чыгарууга аргасыз болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Баткен районунун Ганжак аймагындагы чек арада болгон. КИАнын айдоочусу токтотуу талабын этибарга албай, чек араны көздөй айдап жөнөгөн. Натыйжада, чек арачы асманга эскертүүчү ок чыгарууга аргасыз болгон. Ошондо гана айдоочу токтогон.

Кармалган 31 жаштагы Т.у.О., Кыргызстандан Тажикстанга 1,5 миң килограмм кургатылган тамекини алып кетип бара жаткан. Тиешелүү документтер катталгандан кийин кармалган адам жана жүк компетенттүү органдардын кызматкерлерине кошумча иликтөө үчүн өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664