Бишкектеги батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Ведомствонун маалыматына караганда, куткаруучулар М.Ауэзов көчөсүндө жайгашкан №1А үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. «Батирдин ичинен 1973-жылы туулган М.А. аттуу эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген», — деп айтылат билдирүүдө.