7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовду «шоу уюштурууда»- деп алкады

6881

Грек-рим күрөшү боюнча Олимпиадага катышып жаткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун жасаган ыкмалары көпчүлүктү таң калтырууда.

Махмудов биринчи этаптагы жана чейрек финалдагы атаандаштарын ишенимдүү түрдө жеңди. Экөөнү тең көтөрүп чабуу ыкмасы менен биринчи бөлүк бүтө электе эле жер каратты.

Бириккен күрөш дүйнөсү кыргызстандык балбан 1/8 финалда тунистик балбан Ламджед Маафини көтөрүп чапкан видеосун социалдык баракчасына жүктөдү. Анын астына «Акжол Махмудов бүгүн Токиодо шоу уюштуруп жатат» деп алкап жазган.

Акжол Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан. 77 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашууда.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6882