7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Асман» долбоору 4 миң гектар жерге пландалып, Көлдө жер сатууга тыюу салынды

8273

Бүгүн, 17-июлда Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында өткөн көчмө кеңешмеде «Асман экологиялык таза шаар» долбоорун ишке ашыруу талкууланды. Бул туралуу кабарчыбыз Нуржан Султанбекова жеринен билип кайтты.

Талкуунун жүрүшүндө,өлкө башчы Садыр Жапаровдун кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы алдында долбоорду ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ катышкан. Ал эми долбоорду Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алып, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

“Асман” шаары долбоорунун негиздөөчүсү Руслан Акматалиевдин айтымында, сейсмологдор жер кыртышын 1-1,5 ай аралыгында изилдеп чыгышат. Ал эми курулуш долбоорун чийүү иши жана макети 3 айда даяр болот. Учурда чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Асман экологиялык таза шаарын» 4 миң гектар жерге 500 миң кишинин туруктуу жашоосуна ылайыктап куруу пландалган. Бул Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылынын жанында жайгашат. Учурда айыл тургундарын курулуш иштерин жүргүзүүгө жана тургундарга жер бөлүп берүүгө тыюу салынды.

«Асман» шаары долбоорунун идеясын Руслан Акматалиев жана Мирлан Акматов жаратса, эскизи Мухаммед Ваньиновго таандык.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

8274