7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Миллиондорду кымырып алган». Министрдин орун басарынын үстүнөн арыз түштү

4295

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Марсбек уулу Илич, Өсүмдүкдүктөр карантини департаментинин директору кызматты аркалап турганда кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланып бир нече мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган. Бул тууралуу арыз менен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Фитосанитардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Айткулов Таалайбек Орозалиевич “7tv.kg” сайтына кайрылды.

Анын айтымында, Марсбек уулу Илич азыркы учурдагы азык-түлүктүн орунсуз кымбатташына жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө келтирилип жаткан чыгымдарга түздөн-түз таасири бар. Учурда  айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө кошумча чыгымдарды алып келген жаңы карантиндик зыянкечтерден улам азык-түлүк коопсуздугу жаралып, түшүмдүүлүктүн 40-60% төмөндөшү күтүлүүдө. Ал эми сырт жака экспорттолгон ата мекендик айыл чарба продукциялардан карантиндик зыяндуу организмдер табылгандыгына байланыштуу кайра кайтып келүүдө. Буга кеткен чыгымдардын бардыгын өндүрүүчүлөр өз чөнтөктөрүнөн төлөп жатышат.

Айткулов, продукциялардын артка кайтарылышынын жана чек аралардын жабылышынын негизги себеби, Департаменттин функцияларынын төмөнкү 3 жөндөмсүздүгүндө деп билет:

  • Айыл чарба продукцияларын экспорттоо жана импортоо боюнча сертификациялоо тутумунун жоктугу;
  • Фитосанитардык алдын-алуу тобокелдигинин жоктугу;
  • Карантиндик зыянкечтерге каршы күрөшүүнүн жана изилдөөнүн жоктугу.

“Карантиндик өсүмдүктөр департаментинин мурдагы директору, азыркы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Марсбек уулу Илич элди бул продукцияларга тиешелүү фитосанитардык сертификатысыз экспорттогон экспортерлорубуздун шалаакылыгынан улам болуп жатат деп ишендирип, интеграцияланган маалымат тутумун кучөтүп, өз ишин улантууда”, — дейт ал.

Кыргызстан көзкарандысыздыгын алгандан тарта ар бир келген  жаңы өкмөт башчы фитосанитардык тутумдун структурасы боюнча эксперимент жасап баштайт. Бир нече жыл аралыгында карантин кызматы Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин курамына, андан кийин өз алдынча көз карандысыз кызмат, андан соң Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясына 70% функциясы  өткөрүлүп берилген, ал эми 30% функциясы Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине өткөн.  Дал ушундай алмашуулардын кесепетинен жоопкерчиликсиз жетекчилер дайындалып Департамент дээрлик тажрыйбалуу кадрларын жоготкон, бирок алардын ордуна квалификациялуу кесипкөй жаш кадрларды даярдай алган эмес.

Департаментке көптөгөн мамлекеттер техникалык ж.б. ар кандай жардам көрсөтүшкөн. Алардын ичинде 2016-жылы түзүлгөн  “ИСЭЛЕК-ФИТО” маалыматтык тутуму дагы бар. Ага 385 миң доллар сарпталган жана бул тутум 2019-жылга чейин иштебей келет. Буга ылайык атайын конкреттүү специалист жок. Айткуловдун пикиринде, бул коррупциялык схеманы сактоонун гана бирден-бир жолу.

“Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин адистери, экспорттолуп жаткан продукцияларына фитосанитардык сертификатын толтуруу тартибин бузушууда. Буга байланыштуу ишкерлер белгилүү бир чыгымга учурашат. Бирок буга карабастан, Департамент анализ жүргүзбөйт жана кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрбөй келет. 2020-жылдын ноябрь айында Мамлекеттик инспекция тарабынан Департаменттин тутумундагы мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүсү Финансы полициясына жиберилген. Тергөө учурунда кылмыш иши козголгон, бирок мамлекеттик кызматты жоюу боюнча чечим чыгып, кылмыш иши аягына чыкпай калган”, — деп кошумчалады ал.

Маалыматтарга караганда, 2019-жылы Марсбек уулу Илич Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору кызматына келгенде Департаменттин кызматкерлери ар бир кызматкерден 500 доллардан чогултуп, “ Тойота Камри 40” автоунаасын белекке беришкен, ал эми унаа сатып алуу үчүн акча бербейм дегендер жумуштан айдалган.

Бүгүнкү күндө Ош департаментинин башчысынын милдетин аткаруучу жана Бишкек шаардык башкармалыгынын Чүй бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жумалиев менен Калыкулова Гүлнара түштүктө акча чогултуу менен алектенишет.

Мисалы, республиканын түндүгүндө отургузуучу материалдардын үрөнүн экспорттоого бир фитосанитардык сертификат 6000 сомду, түштүктө 10000 сомду түзөт. Бул коррупциялык схема азыр дагы өз ишин улантууда. Анын үстүнө, бул коррупциялык схеманын башында Марсбек уулу Илич турат.

Биздин экспортерлордун айтымында, казакстандын чек арасында биздин фитосанитардык сертификаттар жарабагандыктан катуу текшерилип, анын ордуна казак фитосанитардык сертификаты берилет. Бул экспорттоочулардын кошумча чыгымдары десек жаңылышпайбыз.

“Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министринин орун басары Марсбек уулу Иличтин өз ишине жоопкерчиликсиздигин жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы, ошондой эле коррупциялык схеманы уюштургандыгы үчүн көзөмөлгө алууну өтүнөм”, — дейт сөзүнүн аягында Айткулов.

Ал эми «7tv.kg» сайты Айткуловдун арызында жазылган маалыматтарды тактоо максатында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Марсбек уулу Иличке байланышканыбызда: «Бул кызматкер менин үстүмөн биринчи жолу арыз жазып жаткан жок. Алгач 2020-жылдын октябрь айында жазган, себеби ошол эле жылдын сентябрь айында менин сунушум менен булар кыргыз-казак фитосанитардык пункттарынан айдалган. Анткени алар тартип бузгандарды тартипке салбай эле отметкага отуруп алган деген маалыматтар келип түшкөн. Айткулов өмүр бою ошол жерде, посттордо жүргөн киши. Тааныштыгыбыз деле жок, бир гана таарынычы ошол посттон айдап жибергеним болшуп жатат. Ветинспекцияда көп өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Ар кандай схемаларды түзгөндөр айдалаарын билип жатышат. Мына кечээ жакында эле жогорудагы иштердин алдын-алуу чараларын көрө албагандыктан ветинспекциянын жетекчиси дайындалганына 4 ай болбой кызматтан бошоду. Ал жерде өзгөрүүлөр болот, албетте болушу керек», — деп жооп узатты.

«Арызда, сиз 2019-жылы Департаментке директор болуп дайындалганда, кызматкерлер 500 доллардан чогултуп “ Тойота Камри 40” автоунаасын белекке беришкени айтылат, ушул маалымат чынбы?», — деген суроого: «Мен 2006-жылы Түркия мамлекетинде университетти бүтүп келгенимде атам мага унаа сатып берген. Ошондон бери жөө жүрө элекмин. Эми,ал жөө жүрүп анан ушинтсем… Же эмне деп айтам, кудайга коюш керек. Эмне деп айтаарымды билбей турам», — деп жооп берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4296