7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аваз Акимов экинчи ирет ата болуп, Айдана Декага ыраазылычыгын билдирди

6014

Аваз Акимов экинчи ирет ата болуп, Айдана Декага ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

Маалым болгондой, ырчы айым Айдана Дека экинчи ирет кыз төрөгөн.

«Кудайыма миң мертебе шүгүр. Айдана жаным сага сүйүү сага чексиз. Айдай сулуу, ыймандуу, акылдуу экинчи кыз төрөп бергеңе чоң рахмат, аябай ыраазымын», — деп, жаңы төрөлгөн наристесине арнап ыр чыгарган.

 

Ысысаң чалкыган мен — көл болоюн.

Үшүсөң эшиме кум болоюн,

Өйдөдө өбөк болоор бел болоюн,

Саамайын кытыгылап жел болоюн.

 

Не болсоң бир өзүңө тең болоюн,

Чаалыксан эс алдыраар дем болоюн.

Таарынтып, капалантса кимдир бирөө,

Ыр ырдап көңүл аччу — мен болоюн.

 

Нөшөрлөп жамгыр болуп төгүлөйүн,

Ойлонсон санааң болуп чөмүлөйүн…

Тажасаң бардыгынан сен чаалыксаң,

Бейиштуу гүл — зар болуп көрүнөйүн.

 

Шиберди араласа шүдүрүмүн,

Гүл терсең сага керек — мен бурунмун.

Жаркыным, мени карап кулуп койчу,

Эч жерге таштап кетпес түн сүйүүңмүн.

 

Суу ичсең, тамчы болуп чачырайын,

Ай болсон, көктөн карап ашыгайын,

Уйкуда эртен менен  уктап жатсаң,

Жел болуп ойготууга шашылайын…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6015