7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Асман Эйрлайнс»: Борттун ичиндеги абанын басымын жөндөп туруучу система иштеп кеткен

361

Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкек — Ош каттамындагы учакта жүргүнчүлөрдү түйшөлткөн кырдаал боюнча билдирүү таратты.

Маалым болгондой, борттун ичиндеги абаны айдап, басымын жөндөп туруучу система иштеп кеткен.

«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап, коопсуздук ар дайым башкы орунда экенин белгиледи. Компания мындай учурларды болтурбоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.

«Система эмнеден улам иштеп кеткендигин, себептерин аныктай турган техникалык иликтөө башталды. Жыйынтыгында кошумча маалымат берилет», — деп билдирди «Асман Эйрлайнс».

Эске салсак, Бишкектен Ошко учкан жүргүнчүлөр кычкылтек тартыш болуп, эс-учун жоготту деген окуя боюнча «Асман Эйрлайнс» компаниясы ички иликтөө баштап, учак азырынча каттамга чыкпай турганын билдирди.

362