Энергетика тармагында алдыдагы 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Негизги максат калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн, оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу ишке ашыруу болуп саналат.
Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан 2026-жылга карата жалпы 1754 даана темирбетон мамыларды орнотуу пландалган.
Бүгүнкү күндө 636 даанасы орнотулуп, пландалган иштер этап-этабы менен ийгиликтүү аткарылууда.
• Сүлүктү РЭТ – 248 даана
• Лейлек РЭТ – 43 даана
• Баткен РЭТ –20 даана
• Кадамжай РЭТ – 187 даана
• Кызыл-Кыя РЭТ – 100 даана темир-бетон мамылары орнотулду.
Тактап айтканда, эскирген электр зымдары этап-этабы менен
реконструкцияланып, орнотулуп жаткан темир-бетон мамыларга 108км СИП-3
кабелдер жана 3480 даана изоляторлор орнотулат.



