Бүгүн, 22-апрелде УКМКнын «Асман Көзөмөлү – 2025» антитеррордук машыгуу иш-чарасы өттү. Аны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеди.
«Асман Көзөмөлү 2025» машыгууларынын максаттары:
1. Атайын жана ыкчам-күжүрмөн операцияларды жүргүзүүдө УУА жана жердеги роботторду колдонуу боюнча атайын багыттагы кызматтын өздүк курамынын көндүмдөрүн өркүндөтүү;
2. Атайын күчтөрдүн аракеттеринин алгоритмин иштеп чыгуу, ошондой эле FPV-дрондорду, квадрокоптерлерди, жердеги роботторду коопсуз пайдаланууну иш жүзүндө сыноодон өткөрүү, ошондой эле орнотулуучу жардыргыч заттарды талаа шартында күжүрмөн абалга келтирүү;
3. Барымтадагыларды бошотуу жана ар кандай объектилердеги террористтерди жок кылуу боюнча оперативдүү-күжүрмөн иш-чараларды өткөрүүдө атайын бөлүктөр менен тажрыйба алмашуу, ал максаттарга ылайык жер үстүндө жүрүүчү роботторду колдонуу. Машыгуунун алкагында заманбап күжүрмөн робототехниканын орчундуу мүмкүнчүлүктөрү, УУА учууларын көрсөтүү, FPV дрондорун даярдоо боюнча жумуштар практика жүзүндө көрсөтүлдү.
«Асман Көзөмөлү – 2025» машыгуунун жүрүшүндө төмөнкүдөй согуштук-күжүрмөн ийгиликтүү аткарылды:
• роботторду колдонуу менен «шарттуу административдик имаратка» чабуул коюу, андан ары атайын аскердик топ тарабынан имаратты тазалоо;
• жердеги камикадзе дрондун жардамы менен унаа каражатын жардыруу
• чабуул жасоочу дронду колдонуу менен унаа каражатын жок кылуу.
• кумулятивдик жардыргыч заттар менен жабдылган чабуулчу дрондорду, ошондой эле ар кандай ок чыгаруу механизмдери бар көп жолу колдонулуучу FPV дрондорун колдонуу.
Ташиев террористтик-экстремисттик жана деструктивдүү күчтөрдү жок кылуу боюнча коюлган аскердик милдеттерди аткаруу үчүн ар дайым даяр болууга чакырды.