30-июнда Асман шаарынын курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы эс алуу багынын ачылышында жергиликтүү тургундар менен жолугуп жатып билдирди.
«1,5 жылдан бери долбоорлорун, кагаз иштери даярдалып жатты. Асман шаарынын долбоору даяр болуп калды. 30-июнда кутучасын салабыз. Ал шаар башталат. 500 миңден 700 миңге чейин адам жашай турган шаар болот. Аны дагы дүйнөлүк компаниялар келип салат. Биз Кыргызстандан бир дагы сом короткон жокпуз. Шаар сала турчу акчабыз да жок. Инвестор топтоп келип, ошолорго салганы жатабыз. Бул жерде аксакалдар, бийлик өкүлдөрү отурасыздар. Жаштар барып алып анан млн доллар сурабасын… Тескерисинче сырттан келген инвесторлорго шарт түзүп, колдошубуз керек»- деди өлкө башчы.