7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асман шаары эмне үчүн Баткенге салынган жок? Президенттин жообу

731

Бүгүн Ысык-Көл облусундагы Асман шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземи өттү. Президент Садыр Жапаров салтанатуу иш-чарада сүйлөп жатып, эко-шаар эмне үчүн Баткенге курулбагандыгынын себебин түшүндүрдү.

«Бул шаарды Баткенге салып койбойт белеңер, баарын эле Көлгө сала бересиңерби” деген дооматтарын айтып жатышат. Эгер Ысык-Көл Баткен тарапта болгондо, биринчи кезекте бул шаарды Баткенге салдырат элем. Инвесторлор дагы өздөрүнө ыңгайлуу курорттук аймактарды тандашат экен. Эң негизгиси, кайсы жерибизге салынбасын, бул шаар ар бир кыргызстандык үчүн пайда бере турган, өлкөбүздүн жалпы экономикасын алдыга жылдыра турган Кыргызстандын локомотив шаары болот. Мисалы, “Кумтөр” Ысык-Көлдө жайгашканы менен бардык пайдасы республикалык бюджетке түшүп, ар бир кыргызстандык үчүн пайдаланылып келе жатат. Дал ошол сыяктуу эле бул шаар дагы жалпы кыргызстандыктар үчүн пайда алып келет. Ошондуктан арканды алыс таштап, жалпы Кыргызстандын түбөлүктүү келечегин ойлойлу, туугандар. Кудайдын берген бир мезгили келет, мамлекетибиздин түштүк аймагына да дал ушундай шаар курулат», — деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

732