7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Астана шаарында АӨИЧК VI саммити өттү

467

Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Эгемендүүлүк сарайында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммити өттү.

Иш-чара учурашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү менен башталып, ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана АӨИЧК мүчө-мамлекеттеринин жетекчилери катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан цивилизациялар аралык диалогго жана Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө боло турган аймактык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча күч-аракеттерди кубаттай турганын белгиледи.

Мындан тышкары, ушул эле күнү Астана шаарында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт.

Ошондой эле эртең, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана «Борбор Азия+Россия» Мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

468