7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Астролог: Бүгүн, эртең эң кыска жана эң узак түн болот

4200
Астрономиялык изилдөөлөр боюнча күн экватордук сызыктан алыстап, эклиптиканын түштүк уюлун карай оогон маалда катуу суук болот. Кыргыз элинде бул күндү «чилденин кабары» деп коёт. Бул тууралуу Каныбек Темиров Facebook баракчасына бөлүштү.

«Кыш чилдеси кырк күн, кырк түн болот. Кыш мезгилиндеги эң кыска күн 20-декабрь, ал эми 21-декабрга караган түнү эң узак түн болот. Андан кийин акырындык менен күн узара баштайт. Түн болсо кыскарат.

Астрономиялык изилдөөлөр боюнча күн экватордук сызыктан алыстап, эклиптиканын түштүк уюлун карай оогон маалда катуу суук болот. Кыргыз элинде бул күндү «чилденин кабары» (белгиси) деп коёт. Чилде өзү кыштын пири аталып, алтыга бөлүнөт.

Аны уламыштарда чилденин алты жоокери деп коюшат.

  • Биринчи «Кырдач», ал 8-январдан 13-январга чейин болот.
  • Экинчи алты күндүк 14-19-январга туш келет.
  • Үчүнчү алты күндүк «Жетенин жети уулу» деп 20-26-январга чейин болот. Бул чилденин эң суук күндөрү.
  • Төртүнчүсү «Каңтар», 27-январда болот. «Каңтар» дегени чилденин 20 күнү өтүп, эми аркы бетине каңтарып (оодарылып) өттү дегенди билдирет.
  • Бешинчи, 28-январдан 11-февралга чейинки күндөр «Үт» деп аталат. Үт мезгилинде көпчүлүк аймактарда калың кар жаап, жаан-чачын күндөргө туш келет. Ата-бабаларыбыз «Жакшылыгына алса үт, жамандыгына алса жут» деп коюшкан.
  • Алтынчысы 12-февралдан 17-февралга чейинки 6 күндүк «Апкыт-сапкыт алты күн» деп аталат. 18-февралда болсо чилде толук чыгып бүтөт. Ошентип кыш чилде 8-январда толук кирип, 18-февралда болсо чыгып бүтөт.

Кыргызда «Токсон кетпей, тоң кетпейт» деген сөз бар. Токсон мезгили 13-декабрдан 13-мартка чейин созулат. Токсондун башы 13-декабрдан 8-январга чейинки учур, ортосу 8-январдан 18-февралга чейинки учур, акыркы мезгили 18-февралдан 13-мартка чейинки учурду ээлейт. Ошентип 13-мартта токсон чыгып, жер кыртышынын тоңу ээрийт. Чилде чыккандан кийин жааган карды сары кар деп коёбуз.

Жай чилдеси болсо 8-июлда башталып, 18-августта чыгат. Кыштын ызгаар күндөрү кыш чилдеси, жайдын аптаптуу ысык күндөрү жай чилдеси болот!»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4201