Асынып алган окуучунун атасы медэкспертизадан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-май күнү саат 10:00 чамасында Сузак районунун 2007-жылы туулган тургуну, 7-класстын окуучусу (эркек бала) үйүнүн чатырындагы устунга пресс жип менен өзүн-өзү асып, каза болгон.
Бул факты Сузак РИИБдин КЖБРне “Өзүн-өзү асып өлтүрүү” болуп катталып, текшерүү иштери башталган. Баланын денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинин башка жеринде жарааты жок экендиги аныкталган. Бул окуя боюнча баланын атасы арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.