Активист М.Аспеков УКМКнын тергөө камак жайында ур-токмокко алынгандыгы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
УКМК М.Аспековдун бул аракеттерин коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети катары экендигин баалайт.
«Аталган бул маалыматка текшерүү жүргүзүлүп, М.Аспеков жаракат алгандыгы боюнча көрсөтүлгөн сүрөттөр 2021-жылдын март айынын башында тартылгандыгы аныкталды.
М.Аспековдун өзүнүн айтымында, ал 2021-жылы 4-мартында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна барганда денесинен жаракат алгандыгын айткан. Ал денеге залал келтирүүнүн келип чыгуу себебин билдирүүдөн баш тарткан жана Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин айткан, буга 2021-жылдын 11-мартындагы түзүлгөн АКТ күбө болуп турат«-, -деп жазылат маалыматта.
УКМК атайылап жалган маалыматтарды таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертип кетет.
2021-жылдын 7-мартындагы жана 2021-жылдын 11-мартындагы актылар пресс-релизге тиркелет.