7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Кумтөрдү тыштан башкаруу жөнүндө мыйзамга кол койду

637

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 6-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузган, жумуштар таасирин тийгизген аймакта жашаган же иштеген адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген коомдордо тышкы башкарууну киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү болуп саналат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган берене менен толукталды.

Эске салсак, буга чейин Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) белгилегендей, акыркы өзгөртүүлөр концессиялык келишимдин негизинде жер казынасын пайдалануу укугун жүзөгө ашырган акционердик коомдорго тиешелүү. Мындай шартта Кыргызстанда бир гана ишкана иштейт — Кумтөр Голд Компани.

Ошондой эле кенди текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия ишканага дээрлик 5 миллиард долларга дооматтарды коюуну көздөп жаткандыгын кошумчалайбыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

638