7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы пара берүү учурунда кармалды

490

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы  2020-2022-жылдар аралыгында «Мухали инвест» ЖЧК аффилирленген фирмасы аркылуу мыйзамсыз катышып, жалпы суммасы 14 млн. сомго жакын 152 тендерди утуп алгандыгы аныкталган. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Автоматташтырылган маалымат тутумунда катталган тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында Т.А. текшерүүнү токтотуу максатында кызмат адамына пара бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча түшүндүрмөгө карабастан, УКМК кызматкерине бир нече жолу акча сунуштаган.

Тактап айтканда, 25-мартта КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ат-Башы А/Өнүн жооптуу катчысы 90 000 сом жана 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын которуп жаткан жеринен кармалды.

Учурда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө ушул сыяктуу коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

 

491