7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сатаров: АКШ Көлбаев жана Матраимовго санкция жарыялап, бирок натыйжалуу күрөшө алган эмес

267

Мирлан Сатаров: АКШ Райымбек Матраимовго карата санкция киргизип, аны Магнитскийдин тизмесине каттап, дүйнө жүзүнө “коррупционер” деп жарыя кылган эле. Ал эми атайын операция учурунда жок кылынган кримтөбөл Көлбаевдин жүргөн жерин билгендерге, аны жоопко тартууга байланыштуу жана ага тийиштүү ыктымал маалыматтар менен бөлүшкөндөргө башында бир миллион, кийин беш миллион доллар сыйлык убада кылган.

Ойлонуп көрсөңүздөр, АКШнын бүткүл дүйнөгө саясий жана финансылык таасирин эске алганда, ошол чоӊ мамлекет кримтөбөл Көлбаевди 2012-жылы дүйнөнүн таасирлүү жети наркобарондорунун бири деп таанып, кара тизмеге киргизип, ага каршы күрөш баштаган.

Дүйнөлүк гигант мамлекет болуп саналган АКШ дагы он бир жыл бою саясатка, криминалга, эл аралык, трансулуттук системага таасири арткан кылмыш дүйнөсүнүн ана башчысы Көлбаев менен натыйжалуу күрөшө алган эмес.

АКШ Райымбек Матраимовго 2020-жылы санкция киргизип, аны менен күрөшүүдө Садыр Жапаровдун жана анын командасынын чечкиндүү кадамдарынан көз каранды болуп турганы азыр айдан ачык көрүнүп калды.

Дагы бир ирет баса белгилеп кетчү жагдай, дүйнөдөгү эки таасирдүү өлкөнүн бири аталган АКШ ондогон жылдар бою чече албаган маселелер боюнча зор жоопкерчиликти жана тобокелчиликти жеке өзүнө алып чечкен Садыр Жапаров бүгүнкү күнү Борбор Азиянын таасирлүү лидерлеринин сап башына карай илгерилеп бара жатат десек ашыкча болбойт.

Эми АКШ Кыргыз бийлигинин бул кадамдары дүйнөгө кандай оӊ таасир этээрин, мындай эрдикти дүйнө эли кандай кабыл аларын, эл аралык деӊгээлде кантип жайылтуу керектигин, мамлекет башчылар ушундай чечкиндүү кадамдары менен криминалга жана мафиялык топторго каршы натыйжалуу күрөш жүргүзсө боло турганын даӊазалай турган билдирүү жасайт болду бекен?

 

268