7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үрөй учурган жол кырсыктан 3 адам каза болду

240

Ысык-Көлдө катталган жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көз жумгандардын бирөө айдоочу, экөө жүргүнчү болгон. Мындан тышкары, жаракат алгандар дагы бар.

Жол кырсык кечээ саат 12:50 чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда Чырпыкты айылында болгон.

Буга чейин социалдык тармактарда кырсык болгон жерден видео тараган. Санэпидемборбордун кызматтык унаасы менен Даймлер-Крайслер D312 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Жол милициясы жаракат алгандар дагы бар экенин билдирди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

 

241