7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында президент берген каражатка алынган 44 техника айыл өкмөттөрүнө тапшырылды

166

Президент берген каражатка сатылып алынган техникалар 27-мартта Нарында өткөрүлүп жаткан “Агро — 2024” айыл чарба форумунда акимдерге жана айыл өкмөт башчыларына салтанаттуу тапшырылды.

Өткөн жылы Нарын облусунда ишке ашкан Административдик-аймактык реформанын натыйжасында 63 айыл аймагы бириктирилип, 27 айыл аймагы түзүлгөн. 27 айыл өкмөттүн ар бирине президент тарабынан кызматтык автоунаалар жана 10 миллион сомдон өнүгүү үчүн каражат берилген. Бул каражатка 44 атайын жана айыл чарба техникалары сатып алынды. Ошондой эле айрым айылдарда чакан ишканалар, логистикалык борборлор ачылууда.

Техника тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Президентибиз Садыр Жапаровго теңиртоолуктардын атынан ыраазычылык билдирүү менен бирге ар бир келген техника акжолтой болуп, элибизге кызмат кылуусун тилек кылды. Ошондой эле бул таберикти сарамжалдуу пайдаланууну айыл өкмөт башчыларына милдеттендирди.

Облус боюнча 44 атайын жана айыл чарба техникалары алынган.

Мындан сырткары Баетов жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнө таш майдалоочу (дробилка) комплекс, Чаек, Ормон-Хан айыл өкмөттөрүнө логистикалык борбор ачылуу алдында турат. Ал эми Миң-Булак айыл аймагынын өндүрүш ишканасына зым кескен, зым керген, пресстөөчү, ширетүүчү, комбикорм чыгаруучу жабдуулар алынып, элге кызмат көрсөтө баштады.

 

167