Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүнүн аймагындагы буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун лидери маркум Камчы Асанбекке тиешелүү адамдарга тийиштүү болгон «Борбор Азия аңчылык клубу» ЖЧКсынын 76626,4 га жер аянты жана 37 млн сомдон ашык курулуш объектилери мамлекеттин балансына кайтарылды.
УКМКдан билдиришкендей, Р.К. аттуу жаран Асанбектин криминалдык көзөмөлү астында, кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен Ат-Башы районунда жайгашкан, «Борбордук Азия мергенчилик клубу» ЖЧКсынын аңчылык жерин төмөндөтүлгөн баа боюнча ээлеп алган.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында аталган объект тиешелүү юридикалык жана нотариалдык жол-жоболорду сактоо менен Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлдү.
Ал эми баалоо экспертизасынын жыйынтыгында аталган ЖЧКсынын бардык объектилеринин базар наркы 37 млн.сомдон ашык экендиги аныкталды. Учурда бул кылмышка башка адамдардын дагы катыштыгы бар экендигин аныктоо иштери жүрүүдө.