Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев «Сүйүшкөндөр күнү» деген майрамды жокко чыгаруу керектигин билдирди.
«Кечээ, 14-февралда Кыргызстанда тарыхыбызда болбогон, салтыбызга, наркыбызга туура келбеген Сүйүшкөндөр күнү деген майрам болуп өттү. Бул шайтандын майрамы. Канча жаштар арам, жаман ишке барышты. Канча деген жигиттердин чөнтөгүнө зыян болду. Сүйүшмөк тургай кечээ канчасы урушту. Мен 2001-жылдын 14-февралында үйлөнгөм. Валентин күнүнүн В тамгасы да жок болчу. Жокко чыгаруу керек. Биздин элди жаман жакка алып барган көрүнүштөргө программа иштеп, жокко чыгарсак»,— деди ал.