7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте контрабандалык продукцияны сатуу каналына бөгөт коюлду

337

Бишкек шаарынын аймагында калктын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болгон контрабандалык продукцияларды жана жасалма жуучу каражаттарды сатуунун туруктуу каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө борбор калаадагы басмаканалардын биринде узак убакыттан бери кутулар, этикеткалар, кир жуугуч порошоктар үчүн стикерлер жана башка жуучу каражаттар тымызын чыгарылып келген.

13-февралда «Миф», «Тайд» жана “Ариэль” маркасындагы жасалма кир жуучу порошоктордун ири партиясы аныкталып, жер астындагы цехке «Фея» тиричилик химиясын чыгаруучу конвейер орнотулган. Анда кымбат баалуу жуучу каражаттардын этикеткаларын арзан аналогдорго чаптоо жолу менен жуучу каражаттар мыйзамсыз чыгарылып, кийин борбордун базарларындагы соода түйүндөрүндө сатылып келген. Товарлардын жалпы саны 42 миң 731 даана кир жуучу порошок жана 8 рулон этикетка ар бири 10 миңден Fairy бөтөлкөдөн турат.

Алдын ала контрафакттык товарлар нукура товарлардын сапаты жана коопсуздук стандарттарына жооп бербейт. Анткени, алар керектөөчүлөрдүн ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн болгон арзан жана сертификаты жок материалдарды колдонуу менен чыгарылган. Тиешелүү экспертизалар Соттук-эксперттик кызматы жана Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна дайындалды.

Уюштуруучулар тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин тиешелүү жоопкерчиликти тартышат.

338