7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ат-Башынын милиционери бишкектик жарандан 100 миң сом опузалап кармалды

621

Нарын облусунун Ат-Башы райондук ИИБнын  жашы жете электер менен иштөө инспектору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКга Нарын облусунун Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Натыйжада, Нарын облусунун Ат-Башы райондук ИИБнын жашы жете электер менен иштөө боюнча участкалык инспектору  Д.А.Т. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек шаарынын тургуну Ж.Т.дан бейбаштык фактысы боюнча кылмыш  ишин  токтотуу үчүн, андан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган. Бирок, Д.А.Т.  убадасын аткарбай, жыйынтыгында Ж.Т.  аттуу жаранга кылмыш иши козголуп, анын иши сотко жөнөтүлгөн.

19-мартта инспектор Нарын шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда анын мыйзамсыз аракеттерге катыштыгын аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

 

622