7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ат-Башынын тургуну эки агасына аш берүүнүн ордуна Куран жарышын өткөрдү

673

Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Сулайман Үмөтакунов жана жакындары өткөн жылы дүйнө салган Жусуп Солтонкулов жана Арун Солтонкулов аттуу агаларынын жаркын элесине арнап Куран жарышын уюштурган. Алар аш берүүнүн ордуна Куран жарышын өткөрүп, окулган Курандардан пайда болгон соопторду маркумдарга багыштоону туура көрүшкөн.

Аталган жарышка облус казысы Эрик Молдокулов, казынын орун басары Кумарбек Орозалиев, Ат-Башы районунун баш имам-хатиби Абдулла Тахиров жана Нарын шаарындагы «Юсуф Сыдык» атындагы балдар медресесинин устаздар жамааты катышып, Куран конкурсуна калыстык кылышты.

Жарышта Ат-Башы районуна караштуу айылдардын имамдарынан Куран сабагын алып жүргөн окуучулар күч сынашты. Жыйынтык катышуучулардын Куранды так жана туура окугандыгы эске алуу менен чыгарылды. Алдыңкы орундарды багындырган жана жалпы катышкан өспүрүмдөргө уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Облус казысы мындай мыкты саамалыкты уюштурган айыл тургуну Сулайман Үмөтакуновго терең ыраазычылык билдирүү менен өтүп кеткен агаларына жана жакын туугандарына Куран окуп, дуба кылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

674