1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында тик токту көзөмөлгө алуу маселесин депутат Шайлообек Атазов көтөргөн. Коомчулукта талкуу жаратып, айрымдары жабууну сунуштасы, кээ бирлери тескерисинче колдобой турганын билдиришкен.
Ал эми эл артисти Бек Борбиев тик ток тиркемеси тууралуу өзүнүн пикирин билдирди.
«Тик ток бул фейсбук, инстаграмга окшогон эле тиркеме. Жакшы жагынан колдонуп, сабак өтүп, ыр окуп, ырдап, диний сабат жоюп аткандар абдан көп. Ооба, акылдуу тиркеме, эмнени көп көрсөң, ошого окшош маалыматтар көрүнө баштайт. Жаман негатив көргүң келсе алар дагы уламдан улам чыга баштайт. Жашоодогудай эле, эмнени издесең, ошону табасың. Андыктан кеп тиркемеде эмес, биздин башыбызда. Жабабыз десеңер анда жалпы интернетти жапкыла. Анткени, «жаман» нерсени ар бир тиркемеден тапса болот»,- деди ал.
Белгилей кетсек, TikTok- ByteDance компаниясына таандык кыска видеолорду көрүү тиркемеси. 2018-жылдан бери популярдуулугу өсүп көп жүктөлүп алынган тиркемелердин бирине айланууда.