7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ата-энеден кат: Бир китепти 250 сомдон алып жатабыз, базарды ким көзөмөлдөйт өзү?

1479

«Бир китепти 250 сомдон алып жатабыз, базарды ким көзөмөлдөйт өзү?», — дейт Ленин районунун тургуну Наргиза Асанова «7v.kg» сайтынын редакциясына кат жолдоп.

Анын айтымында, мектептеги китептер көп балалууларга гана жетет. Балдарынын класс жетекчилери окуучулардын ата-энелерине сатып алына турган 7 китептин сүрөтүн кетирген.

«Биз Ленин районунда жашайбыз. Мектептерде китептер ижарага берилип жатат. Базардан канцелярский товар алып жатып китептердин баасын сурадым биле кетейин деп, 1 китеп 250 сом экен, мен 7 китеп алышым керек, санап көрүңүз канча сом болот. Бизге 4 күн мурда мектепте китеп жетишсиз, өзүңөр сатып алгыла дешти.  7 китептин бири дагы жок менде. Мектептеги китептерди көп балалууларга берет экен. Берсе 2  китеп бериши мүмкүн экен, калганын сатып алабыз, айла жок. Класста баары эле, жалпы эле ата-энелер каршы болуп жатат», — дейт ал.

Ал эми мектептердеги китептерди окуучуларга берүү ижарасы бир жылдык эсеп менен 25 сомго бааланган. Айрым ата-энелер мектептен китептерди 30 сомдон сатып алып жатышкандарын жазышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1480