7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ата-энелердин эсине! Roblox оюну балдар үчүн кооптуу

215

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы ата-энелерди балдар арасында абдан популярдуу болгон Roblox онлайн оюнунун коркунучуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.

Жаш балдар уюлдук телефон аркылуу онлайн оюндарда көп убакыт өткөрүшөт. Алардын ичинен Roblox оюну эң популярдуу.

Бир караганда оюн жөнөкөйдөй көрүнүшү мүмкүн, бирок анын артында төмөндөгү кооптуу учурлар болушу ыктымал:

  • баланын жаш курагына туура келбеген маалыматтын таралышы;
  • алардан мыйзамсыз иштерге же кылмыштарга аралашуусу;
  • чоочун адамдар менен байланыш түзүүсү;
  • ата-энелеринин банктык карталарынын колдонулушу;
  • кылмыштуу кылууга шарттарды түзүүнү.

Өз балдарыңызды коргоо үчүн төмөнкү эрежелерди сактаңыздар:

  • балдарыңыздын кандай оюндарды ойногонун көзөмөлдөңүз;
  • алар интернетте ким менен сүйлөшөрүн билип туруңуз;
  • онлайн оюндарда өткөрүлгөн убакытты чектеңиз;
  • мобилдик түзмөктөрдө ата-эне көзөмөлүн колдонуп туруңуз;
  • балдарыңызга көбүрөөк убакыт бөлүп, сиздин коргооңузда экенин билдирип туруңуз.

Мындай аракеттер аркылуу гана сиз балаңызды виртуалдык дүйнөнүн коркунучтарынан сактап кала аласыз.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

216