Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “КР айрым мыйзам актыларына (КР Кылмыш-жаза жана Үйбүлө кодекстерине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдак кызмат жөнүндө” КР мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси — Тазабек Икрамов. Икрамов белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуудан качкан эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектөө болуп саналат.
Талкууда депутат Дастан Бекешев балдарын кароосуз калтырган ата-энелерге да жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады. Депутат Камила Талиева балдарына карата арыз жазган ата-энелердин санын тактады. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, быйыл 6 айдын ичинде карылар үйүндө жашаган 19 адамдан балдарынан алимент өндүрүү боюнча арыздар катталган.
Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого алынды.