7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте эки жигитти уурдап кетип, 6 күн кармашкан

387

9-октябрда ИИМге шаар тургуну кайрылып, тууганын уурдап, 160 миң доллар талап кылып жаткандарга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Маалым болгондой, эки адам уурдалган.

«Бул факты боюнча адам уурдоо беренеси менен кылмыш иши ачылган. Бишкек шаарынын аймагынан бул оор кылмышка шектүү катары 3 адам кармалды. Шектүүлөр уурдалган 23 жана 30 жаштагы жарандарды мейманканалардын биринин аймагында 6 күн мыйзамсыз кармап турушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, адам уурдоонун уюштуруучусу жеке бизнеси бар адам болгон. Каржылык жактан талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер жана карыз маселеси боюнча жогорудагы мыйзамсыз аракеттер жасалган»,-деп билдиришти ИИМден.

Кошумчалай кетсек, уурдалган жарандарды жеке күзөт агенттиктеринин биринин эки кызматкери кайтарып турганы белгилүү болду. Айрым маалыматтарга караганда, алар кошумча иштегени үчүн кошумча акы алышкан. Учурда үч шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, уурдалган жарандар бошотулду.

Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда далил катары уюлдук телефондору жана башка буюмдар алынган. Мындан тышкары, баңгизаттар дагы табылган. Кармалган жарандарга өздүк кароо жүргүзүү учурунда жеке күзөт агенттигинин кармалган кызматкерлеринен травматикалык тапанча жана бычак алынган.

Күзөт агекттигинин кеңсесин тинтүү учурунда ок атуучу курал, 3 газ травматикалык тапанча жана октор табылган. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

388