7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ооганстанда 11 мүнөттө эки жолу жер силкинди

480

Бүгүн, 11-октябрда Ооганстандын батышында 6,3 жана 5 баллдык эки жер титирөө 11 мүнөттүн ичинде болду. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору маалымат таратты. 

Маалыматка ылайык, биринчи жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:11 чамасында 272 миң адам жашаган Герат шаарынан 31 чакырым түштүк-батыш тарапта болуп, очогу 10 чакырым тереңдикте болгон. 5 баллдык экинчи жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:22де башталып, эпицентри Гераттан 51 чакырым алыстыкта, ошол эле тереңдикте жайгашкан.

Эскерте кетсек, 7-октябрда өлкөнүн батыш бөлүгүндө 6,3 баллдык жер титирөө болгон. Анын кесепетинен улам 2 миңден ашуун адам көз жумган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

481