Журналист Шайырбек Абдырахман уулу социалдык тармактагы баракчасына Бекжан Темирхандын ата-энесине үй алып беришкенин билдирип, үйдүн ичи тартылган видеону жарыялады.
«Ыраматылык Бекжан Темирхан инибиздин эңсеген максаты аткарылды. Кыргыз таланттары анын ата-энесине үй алып беришти»,-деди ал.
Эскерте кетсек, жол кырсыгынан каза болгон ырчы Бекжан Темирханды эскерүү концерти болуп, ал маркум ырчынын ата-энесине борбордон үй алып берүү максатында уюштурулган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram