Бүгүн, 20-декабрга карата өлкө аймагында сасык тумоо менен курч респиратордук вирустук инфекциянын 6 миң 558 учуру катталды. Ага карата Саламаттык сактоо министрлиги мектептеги карантинди узартып, бала бакчаларды жабууну сунуштады.
Министрликтен билдиришкендей, балдар арасында оорунун күчөшү 68,7 пайыздан 72,6 пайызга өскөнүнө байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигине мектептеги карантинди 30-декабрга чейин узартып, ошондой эле бала бакчаларды дагы ошол күнгө чейин жабуу боюнча кат жиберилди.