7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар Оштогу «Достук» көзөмөл өткөрүү жайына барышты

468

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасынын “Достук” өткөрмө жайына барышты.

Тагыраагы, комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баштаган депутаттар Искендер Матраимов, Карим Ханджеза, Азамат Исраилов, Алишер Козуев жана Шайлообек Атазов андагы жасалып жаткан иштер менен таанышып, алгач “Достук” өткөрүү бекетинин электрондук өткөрүү пунктунун ишин көрүштү. Мамлекеттик бажы кызматы “Электрондук өткөрүү пункту” инновациялык долбоорун пилоттук режимде ишке киргизгени жана жүк ташыган айдоочуларга бир топ ыңгайлуу шарт түзүлгөнү белгиленди. Учурда электрондук түрдө бардык жараянга байкоо жүргүзүүгө шарт бар экени айтылды.

Ал эми, депутат Алишер Козуев өткөрмө бекет реконструкцияланганга чейин жана андан кийин унааларды өткөрүүдө кандай айырмачылыктар байкалганына кызыкты. Эл өкүлү Искендер Матраимов электрондук ыкмага өткөнүнө карабай коррупция толугу менен жоюлду дегенге болбой турганын айтып, тыкыр көзөмөлдөөнү сунуштады.

Жеринде белгилүү болгондой, буга чейин чек араны көзөмөлдөө жараяны кол менен жүргүзүлүп келген. Товарларды өткөрүү пунктунан алып өтүү үчүн 4-11 саат талап кылынган. Учурда өткөрмө пункт реконструкцияланып, жарандардын өтүүсү 18 миңден 22 миң адамга чейин көбөйгөн.

Эскертке кетсек, «Достук» көзөмөл-өткөрүү пункту Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан. Буга чейин аталган бекеттин ишмердүүлүгү тууралуу сын-пикирлер айтылып, кийинчерээк оңдоп-түзөө иштери башталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

469