Казакстанда ата-энесиз калган жашы жете элек эки бала Кыргызстанга кайтарылды . Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Министрлик кайтып келген балдарды райондук социалдык өнүгүү башкармалыктары менен биргеликте биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү боюнча иш алып барат. Эгерде баланы биологиялык үй-бүлө менен кайра бириктирүү мүмкүн болбосо, асырап алуу үчүн өткөрүп берүү маселеси каралат», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, балдарды кайтарып келүү Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин, КРнын Тышкы иштер министрлигинин жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин көмөгү менен уюштурулган.