Бишкекте беш жылдан бери маршруттук таксинин саны 2,5 эсе азайган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдан бери борбор калаада коомдук транспорттордун саны азайганы байкалган.
“Беш жылдан бери маршруттук таксинин саны 4 миң 136дан 1 миң 590го чейин азайган, ал эми автобус 94төн 87ге чейин түшсө, троллейбус тескерисинче, 103төн 130га чыкты. Анткени троллейбустарды оңдоп линияга чыгардык. Жол кире тарифинин жогорулашынын бирден бир себеби ушул болду. Эгер долбоор ратификациядан өтсө, анда газ менен жүрүүчү 250-300 автобус алганга шарт түзүлөт. Ошондой эле 50 млн долларлык долбоордун үстүнөн иштеп жатабыз. Анда электравтобустарды алуу каралган”, — дейт Жунушалиев.
Эскерте кетсек, шаар башчысы Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы менен 33 млн евролук долбоор иштелип жатканын белгилейт.