Бийлик айыл чарбасын колдоо үчүн «Айыл банкка» 426,6 млн сом бөлдү
554
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба жана башка техника менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Айыл Банк» ААК өзүнчө кредиттик линия ачуу үчүн 426,6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.
Маалыматка ылайык, төрага Экономика жана финансы министрлигине тапшырма берген. Улуттук банктын кайтарым эсептеринде топтолгон 426 млн 677 миң 758 сом өлчөмүндөгү буга чейин берилген гранттар жана кредиттер боюнча финансы каражаттарын “Айыл Банкка” берүү тапшырылган.
Ал эми «Айыл Банкка» чарба жүргүзүүчү субъекттерге кайра иштетүүчү техниканы, тамчылатып сугаруу үчүн жаадырып сугаруучу машиналарды жана жабдууларды төмөнкүдөй шарттарда лизингге берүү сунушталган:
- лизингдин мөөнөтү – 10 жылга чейин;
- пайыздык ставка – жылдык 4,5%;
- баштапкы салымдын өлчөмү – лизингдин предметинин акчалай түрдөгү наркынын 10% кем эмес;
- күрөөлүк камсыздоо (лизингдин предмети);
- карызды төлөө графиги бузулган учурда ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынын 0,01% өлчөмүндө кредиттин негизги суммасынан ашпаган эсептөө жүргүзүлөт.